Кылмыш-кырсык

Кара-Сууда ири суммадагы акчасынан кол жууган жаран милицияга кайрылган. Шектүү катары УКТ мүчөсү кармалды

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Шарк айыл аймагынын жаран 1963-жылы туулган Н.И. арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучу 2023-жылдын 24-декабрь күнү Кара-Суу районунун аймагында өзүн “Султан” деп тааныштырган жаран “Корея өлкөсүнөн алынып келинген унаалардын иш кагаздарын бүтүрүп беремин”- деген шылтоо менен 9 000 (тогуз миң) АКШ долларын алып, изин жашырып кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө-амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда бири нече жолу сот жообуна тартылган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турган, жаран 1990-жылы туулган И.И. кармалып, камакка алынды.
Учурда анын башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Уюшкан кылмыштулукка каршы күрөшүү уланууда.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button