Коом

ИИМде 2023-жылдын ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум өтүүдө

2024-жылдын 31-январында ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2023-жыл ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өтүүдө. Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы, Атайын багыттагы полкунун командири, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, окуу жайлардын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилери, алардын орун басарлары, райондук-шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жана “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын жетекчилери катышууда.

Жыйында беш маселе каралат: Ички иштер органдарынын 2023-жылдын ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, жарандардын арыз-даттануулары, алардын чечилиши жана элди тейлөөнүн сапаты, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында көрүлгөн иш-чаралар, санариптештирүү багытындагы аткарылган иштер, ошондой эле Кыргыз милициясынын 100 жылдык иш-чарасын өткөрүү жана ИИМдин алдыдагы ишмердүүлүгү тууралуу иш мерчемдерин бекитүү маселелери.
Коллегияны ачып жатып Улан Ниязбеков ички иштер министрлигинин жыл ичинде аткарган иштерине токтолду. “Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2023-жыл баарыбыз үчүн жогорку кыраакылыкты талап кылган жоопкерчиликтүү жылдардан болду. Бирок, ага карабастан элдин коопсуздугун камсыздоону жаңы баскычка чыгарып, кылмыштуулукка каршы күрөшүү ыкмаларын заманбап системага салдык.
Бир жыл ичинде мамлекеттик деңгээлдеги бир катар коомдук-саясий жана массалык-маданий иш-чаралар, аны менен бирге эл аралык жолугушуулар болуп өттү. Бул иш-чаралардын баарында күнү-түнү коомдук тартипти жана жол коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздап, одоно тартип жана укук бузууларга жол бербей, жыйынтыгында бир гана ыраазычылыктарга татыктуу болдук. Заманга жараша жаңы ыкмаларды колдонуп, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, аны алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, элге сервистик тейлөө көрсөтүү чараларын бекемдедик. Натыйжада, милициянын сапаттуу иш жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин коомчулук жакшы түшүнүп калды”,-деди ИИМ башчысы.
Ички иштер министри белгилегендей, 2023-жылы Ички иштер министрлигинде эле эмес, дээрлик бардык министрликтерде жана ведомстволордо көзгө көрүнөөрлүк жакшы жумуштар жасалды. Элге кызмат көрсөтүү мүмкүндүктөрү кадыресе жакшырып, материалдык-техникалык абалдары чыңдалып, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келген деңгээлден кем эмес шарттар бардык мамлекеттик органдарда түзүлдү. Мамлекеттик деңгээлдеги аракеттердин бардыгы элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталып, мындан ары да улантылат.
“Биз жаңы доордун, жаңы багытындагы идеялар менен элдин туруктуу коопсуздугун күн сайын бекемдеп жатабыз. Эски ыкмалардан жаңыга өтүп, биздин өлкөдө эле эмес дүйнөлүк коомчулуктун тынчын алып, коркунуч жараткан кылмыштарга, кылмыштуу уюмдарга жана терс таасирлерге каршы туруштук берүү багытын күчтөндүрөбүз. Күнү-түнү жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында, мурда калыптанган системаны өркүндөтүп азыркы санарип ыкмаларынын чегине жетип, жаңы багытка жол салдык.
Бир сөз менен айтканда, мезгилдин ыргагына жараша, замандын талабына төп келишкен жаңы көз караштагы күжүрмөн ишмердикти чыңдадык. Башкаларга үлгү боло турган шарттарды жаратуунун үстүндө иш-аракеттерди талыкпай улантып, милицияга жүктөлгөн милдеттердин өтөөсүнө чыгабыз деп ишенем.
Таасирдүү механизмдерди бардык ички иштер органдарынын турмуштук аракеттерине айландыруу зарыл. Өлкөбүздүн аймактарындагы коопсуздук кырдаалды алаканга салгандай ыкчам көрүп, өз учурунда баа берип, координациялык иш-чаралардын таасирин арттыруу үчүн “Санарип жибек жолун” бекемдөөнү — учурдун негизги талабы катары кабыл алыңыздар.
Анын мааниси — ички иштер органдарынын ишмердигин жогорулатуу болуп эсептелет. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар болобу, коомчулуктун тынчын алып, кедергисин тийгизген фактыларбы же жаштарга тескери тарбия берген көрүнүштөр болобу, алардын баарына каршы турууга ыкчамдык менен биригип, таасирдүү иш-чараларды алып баруу — башкы максат экендигин белгилейм. Мындай процесстер, ички иштер органдарынын арасында эле эмес, башка мамлекеттик органдар менен да тыгыз алакада иш алып баруу кадыресе көрүнүшкө айлансын.
Ачыгын айтканда, коомчулук арасында резонанс жаратып, бир катар терс сыпаттагы талкууларды пайда кылып жаткан айрым фактыларга өз учурунда реалдуу баа берүү, алардын кайталануусуна бөгөт коюу жумуштарына өзгөчө көңүл бурууну талап кыламын. Өлкөдөгү ар бир үй-бүлө, анда жашаган жарандар мамлекеттин коргоосунда турат. Жаштар, анын ичинде жаш балдар эң баалуу байлык деп аныкталган. Адам укугун, эркиндигин кемсинтпеген нарктын жана маданияттын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулган.
Мына ушундай талаптардын жыйындысы менен – ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ, өмүргө жана ден-соолукка кол салууга жол берилбестиги так белгиленген. Баш мыйзамда көрсөтүлгөн бул талаптарды баарыбыз кынтыксыз аткарууга милдеттүүбүз.
Бирок, тилекке каршы, баңгиликке берилген жаштар, жакындарын өлтүргөн же өз кызын зордуктаган адамдар, жеңил ойлуулук менен жан баккан жарандардын саны барган сайын көбөйүп жатат. Бул көрүнүштөрдү азыркы мезгилдин глобалдуу көйгөйлөрү деп гана чектелбестен, ага каршы туруп, коомубузду калкалап, терс жагдайлардан коргошубуз керек. Аталган милдеттерди аткаруу үчүн, ар бир кызматкер турмуштун таразасын туура баамдап, чындык менен гана иштөөгө милдеттүү.
Олуттуу факторлор менен азыртадан күрөшүп, бөгөт коюу жумуштарын күчөтүп, ыкчам иш-чараларды туруктуу жүргүзөлү деп чакырып кетмекчимин.
Айтылып өткөн маселелер, Ички иштер министрлигинин жетекчилигин же коллегия мүчөлөрүн эле эмес, баардык жер-жердеги биринчи жетекчилерди ойлондурушу абзел.Анткени, сиздер региондогу коопсуздукка толугу менен жооп берген, элдин жүгүн моюнга алган жетекчи болуп эсептелесиздер.Элдин терс пикирин жаратпай, коопсуздукту чыңдап, жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, өздүк курамга жана жарандарга дайыма үлгү болуп жүрүңүздөр.
Бул багытта, ички иштер органдары эле эмес, жергиликтүү бийлик жана башка баардык мамлекеттик органдар, ошондой эле коомчулук менен бирге тыгыз байланышта иш-чараларды жүргүзүү милдети турат.
Коомдук тартипти камсыздоону күчөтүү максатында “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткаруу принцибин жана жалпы багыттамалык механизмдерин ишке киргиздик.
“Коопсуздук концепциясын” түзүп, анын негизинде “Улуттук план” иштеп чыгып, Министрлер Кабинети аркылуу бекитип, бардык ички иштер органдарына жана министрлик менен ведомстволорго таратып бердик.“Улуттук пландын” негизги максаты — жогоруда аталып өткөн масштабдуу жана глобалдуу коркунучтарга туруштук берүү, коопсуздук көйгөйлөрүн жеринде жоюу, келечекте коркунучу жок жашоо шартын түзүү болуп эсептелет. Шаардык, облустук, райондук ички иштер органдарынын жетекчилери — пландын негизинде тынымсыз иш-аракеттерди жүргүзүп, иш алып барууну табыштайм. Жакынкы арада, жер-жердеги жооптуу мамлекеттик органдар жана коомчулук менен бирге форумдарды өткөрүп баштайбыз”,- деп баса белгиледи Улан Ниязбеков.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button