КоомМаданият

Кыргызстанда биринчи жолу «Борбор Азия музыкалык сыйлыгы» түзүлдү

Кыргызстанда биринчи жолу «Борбор Азия музыкалык сыйлыгы» түзүлдү. Бул сыйлыкты тапшыруу аземи 8-9-февралда Бишкекте өтөт.

Бул тууралуу маалымат жыйынында уюштуруучулардын бири, композитор Жамиля Муратова кабарлады.

Анын маалыматына караганда, бул биринчи пилоттук долбоор. Мындан ары сыйлыкты жыл сайын тапшыруу пландалууда. Быйыл Бишкекте уюштурулса, кийинки жылдары кезектешип, Казакстан жана Өзбекстанда өтүшү керек.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Ибрагим Жунусов Кыргызстанда таланттуу жаштар көп экенин, өлкө Борбор Азиянын так ортосунда жайгашкандыктан бул долбоор таланттуу жаштарды дүйнөлүк аренага алып чыгууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Уюштуруучу Ислам Сатаровдун айтымында, долбоор коммерциялык эмес. Белгилүү бир чыгымдарды жабуу үчүн билеттердин баасы белгиленген. Бирок долбоордун өзүндө коммерциялык компоненттер жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button