КоомМаданият

Вена шаарында кыргыз маданиятынын кечеси уюштурулду

2-февралда Вена шаарында Кыргызстандын Австриядагы элчилиги кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте «Руханий мурас – мезгил байланышы» аттуу кыргыз маданиятынын концерттик кечесин уюштурду.

Элчиликтен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналганды.

Кыргыз маданият кечесине Австриянын мамлекеттик мекемелеринин, БУУнун, ЕККУнун жана Венадагы башка эл аралык уюмдардын расмий өкүлдөрү, чет өлкөлүк элчиликтердин жана туруктуу өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз-Австрия достук коомунун мүчөлөрү, Австриядагы биздин мекендештер катышты.

Элчи Толенды Макеев куттуктоо сөзүн сүйлөп, Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Австрияда кыргыз маданиятын таанытуу жана жайылтуу үчүн Кыргызстандан келген өнөрпоздорго ыраазычылык билдирди.

Концертте КР Эл артисти Бактыбек Ыбыкеев жетектеген А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисттеринин аткаруусунда классикалык опералардын ариялары, кыргыз ырлары, КР эл артисти Нурланбек Нышанов аткаруусунда фольклордук чыгармалар жана ар кандай кыргыз эл аспаптарынын күүлөрү жаңырды.

Кеченин жыйынтыгында КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, дизайнер Гульмира Акматованын кийизден жасалган кийимдердин модасы көрсөтүлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button