Спорт

Бишкектин четиндеги «Кашкулак» лыжа базасында Азия кубогу старт алды

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев «Кашкулак» тоо лыжа базасында лыжа спорту боюнча Азия кубогунун башталышына старт берди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган спорттук иш-чара КР Тоо лыжа спорт федерациясы тарабынан уюштурулуп, ага Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын спортчулары катышууда.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө облуста туризмди өнүктүрүү максатында алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгын белгиледи.

«Учурда 15 тоо лыжа базасы иштеп жатат. Биз керектүү инфраструктураны түзүү максатында инвесторлорду тартуу иштерин активдүү жүргүзүүдөбүз. Бул аймактын спорттук потенциалына гана эмес, анын туристтик жагымдуулугуна да өбөлгө түзөт», — деди Жумагазиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button