КоомМаданият

Бишкекте балдар адабиятына арналган «Кичинекей окурман» фестивалы өтөт

Бишкекте алгачкы жолу балдар адабиятына арналган «Кичинекей окурман» фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Иш-чара балдарды китеп окууга кызыктыруу, бала менен бирге китеп окуунун маанилүүлүгү жана баланы интеллектуалдык жактан өнүктүрүү максатында уюштурулары кошумчаланды.

Программанын алкагында балдар китептеринин чоң жарманкеси, атайын мастер-класстар, жомок жана кыргыз, англис тилдеринде китеп окуу сааттары өтүп, чыгармачылык зоналары уюштурулары кошумчаланды.

Кичинекей окурмандарды бир аянтчага чогулткан фестиваль 18-февралда Чыңгыз Айтматов проспекти, 1/1 дарегиндеги «Сейтек STEM» мектебинде саат 10:30 башталып, 16:00гө чейин уланат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button