Саясат

Садыр Жапаров Блинкенди АКШ каржылаган бейөкмөт уюмдарга аудит жүргүзүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин кайрылуусуна жооп иретинде жазган катында Кыргызстанда иштеп жаткан бейөкмөт уюмдарга аудит жүргүзүүнү сунуштады. Катты өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов жарыялады.

Эскерте кетсек, мамкатчы Блинкен жолдогон кайрылуусунда бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна өзгөрүүлөрдүн киргизилишине кабатыр болуп жатканын билдирген. Өзгөрүлгөн мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөдөн каржыланып саясий ишмердүүлүккө аралашкан коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөнүн өкүлчүлүгү деген макам алып, атайын реестрге киргизилет.

Жапаров киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдүн маани-маңызын жана максатын айтып, бейөкмөт түзүмдөр көп учурда жалган, туура эмес маалыматтарды таратып келгенин белгилеген. Президенттин айтымында, мунун айынан жабыр тарткандардын жана жалган жалаага кабылгандардын доо-арыздары боюнча соттук териштирүүлөр болууда.

«Сотто ишти кароонун натыйжасында жалган маалымат тараткандар доогерлер менен жарашуу жөнүндө өтүнүч берүүгө аргасыз болгон учурлар көп кездешет. Мындай иштер соттордо абдан көп. Соңку 30 жылдын ичинде өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери чет өлкөлүк демөөрчүлөрдөн келген акча каражаттарын «жеп алып», «үй-бүлөлүк ишканага» айланган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын өзүнчө бир катмары пайда болгонун баса белгилейм (кыргыз коому аларды «грант жегичтер» деп атап койгон)», — деп айтылат катта.

Президент зарыл болгон учурда АКШ тарапка бардык расмий маалыматтарды берүүгө даяр экенин билдирип, аталган уюмдарды текшерүүнү сунуштаган.

«Мен АКШнын өкмөттүк уюмдары каржылаган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарды жок дегенде соңку 10 жылдык финансы каражаттарын кандай жана кайда пайдалангандыгына аудит жүргүзүүнү сунуш кылам. Мен берген маалыматтарга жана кепилдиктерге таянып, Сиз «америкалык айрым өнөктөштөрдүн» кооптонуусун жоюп, алар мындан ары да Кыргыз Республикасындагы ишин улантат деп терең ишенем», — деген Жапаров.

Өлкө башчы сөзүнүн соңунда Блинкенди Кыргызстанда адамдын укуктары жана эркиндиги Конституция жана мыйзамдар менен бекем корголуп жатканын көрүп кетүүгө чакырган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button