Коом

Лейлектеги Мурас айылында суу сактагыч жаңы ыкма менен жаныланууда

Мурас мурдагы Маргун айылындагы суу сактагыч гио мембраналар төшөлүп, кайтадан жаңыланууда. 20 миң чарчы метрди түзгөн бул суу сактагычты жаңылоого мамлекет тарабынан 2023-жылы 11 млн 200 сом каралган болчу . Бүгүнкү күндө курулуш иштери аяктап, 1-мартта суу сактагыч ишке берилерин билдирген Лейлек райондук суу чарба бөлүмүнүн башчысы Базарбай Асанов.

Эске сала кетсек 1987 -жылы курулган бул суу сактагыч эскилиги жетип, астынан сызып суу чыгып, натыйжада сугат суунун танкыстыгы көйгөй жарата баштаган болчу.

Эми жаңыланган суу сактагыч кайрадан пайдаланууга берилсе 197 гектар аянтка суу берүү жакшырат. Бул жаңылык эң алыскы аймак — мурастыктарды өзгөчө кубанычка бөлөдү.

Булак: Баткен Таңы Облустук Гезити 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button