![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/02/фыфыфффыфы.png)
Саясат
“Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин Кыргызстандагы негиздөөчүсү “Данакер” ордени менен сыйланды
“Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин Кыргызстандагы негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Ахмад Альшайа “Данакер” ордени менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койду.
«Кыргызстандын социалдык-экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана кайрымдуулук жардамы үчүн “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасындагы негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Ахмад Альшайа “Данакер” ордени менен сыйланды», — деп айтылат жарлыкта.