Кылмыш-кырсык

УКМК: КР ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана башка адамдар кармалды. Видео

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акчалай сыйлык алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктады.

2024-жылдын 19-февралында КР УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана акча каражаттарын алуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында ЖКККББнын кызматкерлери К.К.А., Н.А.О., ошондой эле автомектептин директору И.М.К. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, КР ИИМдин ЖКККББнын жогоруда аталган кызмат адамдары автотранспорт каражаттарына газ баллондук жабдууларды орнотууга уруксат сертификатын тариздөөдө КР жарандарынан мыйзамсыз акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү такталды.

Учурда КР УКМК тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жогоруда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

      

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button