Коом

Бишкектеги баасы асман чапчыган батирлерди кимдер алууда? Риелтордун жообу

Көпчүлүк Бишкекте кыймылсыз мүлк асман чапчыган баада сатылып жатат деп ойлойт, бирок чынында андай эмес. Бул тууралуу борбор калаадагы ири риелтордук агенттиктин жетекчиси Елена Гононова Sputnik радиосундагы маегинде билдирди.

Анын айтымында, сатуучулар жарыяга жогорку бааны коюшат. Бирок бир нече ай тургандан кийин мүлк сатылбай жатканын түшүнүшөт.

«Батир баштапкы баага өтпөй жаткандыктан ээси төмөндөтүүгө аргасыз болот. Бул учурда үй дароо сатылат дагы, жарыядагы бааны өзгөртүүгө жетишпей калышат. Ушундан улам көпчүлүк батирлер асман чапчыган суммага сатылууда деп ойлоп калышууда. Чынында андай эмес», — деди Гононова.

Адис былтыр батирлердин ижара акысы кескин жогорулагандыктан кээ бир үй ээлери «балким өтүп кетет» деген тобокелге салып бааны жасалма өстүргөнүн белгиледи.

«Ошол эле учурда тез арада батир алышы керек болгондор дагы бар. Алар бардык шарттарга макул болушат. Мындай «ушак» дароо тарап, башка сатуучулар андан төмөн баага макул болбой туруп алышат. Сиз «эгер баа ушунчалык жогору болсо кыймылсыз мүлктү кимдер сатып алып жатат?» деп сурашыңыз мүмкүн. Менин жообум: эч ким сатып алган жок! Январь жана февралда келишимдердин саны кескин кыскарып кетти. Биздин юрист Мамлекеттик каттоо кызматына каттап турат, ал жакта да кезек күткөндөр жок», — деди Гононова.

Ал ошондой эле мындай абалдан улам кыймылсыз мүлк менен иштеген көптөгөн риелтордук компаниялар «отуруп калганын» кошумчалады.

Булак: Спутник.кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button