КоомМаданият

Кыргызстан жана Татарстан өз ара Маданият күндөрүн өткөрөт

Кыргызстан жана Татарстан 2024-2025-жылдары өз ара Маданият күндөрүн өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Татарстандын башчысы Рустам Миннихановдун жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Садыр Жапаров жана Рустам Минниханов Кыргызстан жана Татарстан элдеринин ортосунда маданий алакаларды чыңдоо, спорт жана маданият жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү тууралуу бирдиктүү пикирлерин билдиришти.

Жолугушуу «Келечек оюндары» биринчи эл аралык мультиспорттук мелдешинин алкагында өттү. Тараптар Кыргызстан жана Татарстандын ортосундагы эки жактуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button