КоомМаданият

Баткенде мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык иш-чара өтөт

Эртең 23-февралда саат 15:00дө Баткен шаарынын борбордук стадионунда Мекен коргоочулардын күнүнө карата чоң программадагы майрамдык иш-чара болот. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, майрамдык салтанаттын жүрүшүндө аскер кызматкерлердин салтанаттуу жүрүшү (парад), машыгуу ыкмалары көрсөтүлөт.

Андан соң коомдук ишмер Ассоль Молдокматова жана бир катар кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчыларынын катышуусунда концерттик программа болот.

Концертте ырчылар Нурайым Акылбекова, Алтынай Асанбаева, Бек Исраилов, Айжаркын, Куванычбек Атамбаев, Нурлан Жунушев, Эльгиз Бейшенбаевдер таланттарын тартуулайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button