Коом

Нарын менен Ысык-Көлдө суу сактагычтар курулат

“Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоорун алкагында Тоң районунун Үч-Коргон, Кочкор районунун Шамшы жана Жумгал районунун Түгѳл-Сай аттуу аймагында үч суу сактагыч курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

Ошондой эле, министрлик Тоң, Жети-Ѳгүз, Кочкор, Жумгал райондук суу чарба башкармалыктарына сугат системаларын тейлөө үчүн атайын техникалар тапшырылганын билдирди. 

“Аталган техникалардын жалпы сумма 87,0 млн. сомду түздү”, — деп айтылат маалыматта. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button