Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети Министрлер кабинетине айрым мамлекеттик мүлктөрдү парламенттин макулдугусуз сатууга уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды

Комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо жактырышты.

Демилгечи депутат Дастанбек Жумабеков. Бирок, депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбооруна Министрлер кабинетинин тиешеси бар.

Алгач мыйзам долбоорунда стратегиялык объектилерди парламенттин макулдугусуз менчиктештирүү укугун Министрлер кабинетине берүү сунушталган. Бирок депутаттар буга каршы чыгып, стратегиялык объектилерди менчиктештирүү парламенттин макулдугу менен болоорун айтып, документке экинчи окууда өзгөртүү киргизишти.

“Калган [объекттер], өзгөчө мамлекеттин менчигине конфискацияланган же ыктыярдуу түрдө берилген объекттер парламенттин макулдугусуз эле сатылат. Мамлекеттик менчиктештирүү программасы болбойт. Министрлер кабинети өзү мамлекеттик мүлктү сатып, маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиктин сайтына жарыялайт”, — деди Бекешев.