Кыргыз улуттук «Манас» театрынын акындары «Андай эмес» аталышындагы айтыш-концерти менен Ош жергесин кыдырат. Бул туурасында президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Алар 6-мартка чейин өнөрүн тартуулап, жети районго барат. Максаты — тарыхты урматтап, улуттук дөөлөттөрдү даңазалоо, элдин ынтымагын бекемдөө, жаштарды адептүүлүккө, эли-жерин сүйүүгө тарбиялоо.

Концерттин графиги:

28-февраль саат 18:00дө — Токон Эшбаев атындагы Кара-Суу райондук маданият үйүндө;

29-февраль саат 15:00дө — Араван райондук маданият үйүндө;

1-март саат 14:00дө — Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык маданият үйүндө;

2-март саат 18:00дө — Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында;

4-март саат 12:00дө — Өзгөн райондук маданият үйүндө;

4-март саат 18:00дө — Кара-Кулжа райондук маданият үйүндө;

5-март саат 18:00дө — Алай райондук маданият үйүндө;

6-март саат 13:00дө — Чоң-Алай райондук маданият үйүндө.