Коом

Кыргызстан түрк ишкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-түрк бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке келген бир катар түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.


 
Жолугушууда жеңил өнөр жай, медицина, фармацевтика жана билим берүү тармагындагы келечектүү долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга эки тараптын кызыкчылыгы белгиленди.
 
Өкмөт башчы жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, кыргыз тарап түрк ишкерлеринин Кыргызстанда бизнесин ыңгайлуу жүргүзүүсү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button