Коом
29-февралга карата аба ырайы
Бейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -1…+4, Талас менен Нарын өрөөнүндө -2…+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көлдө +3…+8 градус жылуу болот.
Түнкүсүн борбор калаага туман түшөт. Күндүн табы Бишкекте +2…+4, Ошто +5…+7 градуска жетет.