Коом

Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Кытайга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-февралда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Сапар 2-мартка чейин созулат. Анын алкагында Жапаров Кытайдын коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, СУАР партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегациялардын үч тараптуу жолугушуусуна катышат. Ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан, СУАР делегация башчыларынын «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү пунктуна барышы күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Кашкар шаарындагы Нарын эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кашкар эркин экономикалык аймагында жайгашкан бондалык кампага барат.

Жумушчу сапардын алкагында соода экономикалык байланышты илгерилетүү боюнча эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button