Бишкекте 29-марттан 31-мартка чейин жаш киночулардын «Үмүт» форуму өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Быйыл форум Кыргыз Республикасынын Эл артисти, советтик жана кыргыз кинорежиссеру Бекеш Абдылдаевдин 90 жылдыгына арналат.

11-ирет өткөрүлүп жаткан форумдун бардык иш-чараларына кирүү акысыз. Иш-чаранын ачылышы 29-мартта «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт. Башталышы саат 11:00.

Иш-чара таланттуу жаштарды колдоо, тасмаларды эл аралык кинофестивалдарга даңазалоо, жаңы режиссёрлорду табуу жана жаш кинорежиссерлордун профессионалдык өсүшүнө көмөк көрсөтүү максатында өткөрүлүүдө.

«Үмүт» кинофоруму 2013-жылдан бери КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан өткөрүлүп келет.

XI форумдун программасында:

— улуттук жана эл аралык программаларды талкулоо менен көрсөтүү (дүйнөлүк кинематография чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттер менен пикир алышуу);
— кыска метраждуу фильмдердин кинодолбоорлорун көрсөтүү;
— престиждүү эл аралык кинофестивалдардын катышкан жана алдынкы орундарды багындырып келген тасмалардын атайын көрсөтүүлөрү;
— эл аралык кинофестивалдардын жарманкеси.