Спорт

Футбол биримдигинин Чүй облусу боюнча аймактык өкүлү дайындалды

Киемиддин Пириев Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) Чүй облусу боюнча аймактык өкүлү дайындалды. Ал Артур Геворгяндын ордуна келди. Бул тууралуу КФБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн КФБнын кеңсесинде Чүй облусунун аймактык ассоциациясынын кызматкерлери жана КФБнын жетекчилигинин катышуусундагы жыйын орун алды.

Чогулуш алкагында Чүй облусу боюнча КФБнын жаңы өкүлү тааныштырылды.

КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков регионалдык ассоциациясынын экс-жетекчисине көп жылдык эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, улуттук кураманын футболкасын ташпырды.

Жыйын учурунда КФБнын башкы катчысы жана аймактык уюмдун жаңы дайындалган жетекчиси ассоциациянын кызматкерлерине алдыдагы негизги максаттарды белгилеп, алар боюнча талкуу жүрдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button