![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/04/ооо.jpg)
УКМК: Жалпы аянты 0,46 гектар, базар баасы 307 135 118 сомду түзгөн жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды
УКМК мыйзамсыз берилген мамлекеттик жерлерди кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ош облусунун Араван районундагы стадиондун жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысын аныктады.
![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/04/ититм12121.jpg)
![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/04/жддлл-1024x585.jpg)
Тактап айтканда, КР Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы “Юридикалык же жеке жактарга социалдык инфраструктура объекттерин менчиктин жеке же башка түрлөрүнө өткөрүп берүүгө тыюу салуу жөнүндө» Жарлыгын бузуу менен, 2001-жылы Араван А/Ө айылдык кеңеши тарабынан лицей жана спорт комплексин куруу үчүн, Араван айылындагы жалпы аянты 0,46 гектар болгон райондук стадиондун жерин жеке жактарга бөлүп берүү жөнүндө чечим чыгарылгандыгы такталды.
![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/04/прпр.jpg)
![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/04/рорро.jpg)
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы базар баасы 307 135 118 сомду түзгөн аталган жер тилкеси жана анын аймагында жайгашкан, спорт жана билим берүү мекемелери мамлекеттик балансына кайтарылды.