![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/04/ммим.jpg)
Кылмыш-кырсык
Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайында алдамчылыкка шектелген жаран асынып алды
Бүгүн, 2024-жылдын 2-апрелинде Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын камерасында алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы У.Б. асынып алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/04/тиити.jpg)
Бул окуя жана андан кийинки жүргүзүлүүчү иш-чаралар ИИМдин жана Чүй ОИИББнын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.
Окуянын жагдайлары такталып, кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин кыймыл-аракеттери баа берилип, күнөөлүлөргө чаралар көрүлөт. Процессулдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.