Коом

Быйыл «Бишкекжылуулуктармактар» ишканасынын бир катар объектилери оңдолот

«Бишкекжылуулуктармактар» ишканасы 2024-жылы бир катар объектилерде капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо.

Ишкана жылытуу мезгили аяктагандан соң кийинки күз-кыш мезгилине даярдыкты баштайт. Алдыңкы пландарында шаардын ар кайсы аймактарындагы жылуулук тармактарын реконструкциялоо боюнча бир катар маанилүү долбоорлор бар. Үстүбүздөгү жылдын артыкчылыктуу объектилеринин арасында:

  • 2024-жылы 764 метр узундуктагы «Чыгыш» магистралдык 7 апрель күчөсүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо пландаштырылууда, 900 мм диаметериндеги түтүктөр орнотулат (IV ишке киргизүүчү комплекс);
  • Ж.Пудовкин көчөсү боюнча жылуулук тармакты реконструкциялоо (I ишке киргизүүчү комплекс). Узундугу 545 метр, 900мм диаметериндеги түтүктөр орнотулат;
  • Жукеев Пудовкин көчөсү боюнча жылуулук тармакты реконструкциялоо ( II ишке киргизүүчү комплекс). Узундугу 293 метр, 900мм диаметериндеги түтүктөр орнотулат;
  • Гоголь көчөсү боюнча жылуулук тармакты реконструкциялоо. Узундугу 427 метр, диаметри 400мм;
  • Колбаев көчөсү боюнча жылуулук тармакты реконструкциялоо. Узундугу 60 метр, диаметри 133мм.

«Бул долбоорлор шаарды жылуулук менен камсыздоо системасын модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган, бул биздин керектөөчүлөргө ишенимдүү жана сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле магистралдык жана бөлүштүрүүчү жылуулук тармактарын, үй ичиндеги жылытуу системаларын оңдоо иштери улантылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button