Спорт

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт

18-22-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча Эл аралык мелдеш өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Россия, Иран жана Таиланддан 130дан ашык спортчу келээри күтүлүүдө.

Катышуучулар 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг чейинки салмак категорияларында күч сынашат.

Беттештер 18-апрель күнү саат 15:00дө, 19-22-апрель күндөрү саат 12:00дө башталат.

Эскерте кетсек, Д.Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш быйыл 46-ирет өтүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button