КоомСпорт

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжине барды. Сүрөттөр

Бүгүн, 2024-жылдын 3-апрелинде КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.К.Ташиев Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинде болду. 

Алгач, УКМК төрагасы курулушу жүрүп жаткан РСКнын жазгы футбол аянтчасынын абалы менен таанышып, аталган жерге заман талабына жооп берген кошумча шарттарды түзүп берүүнү убадалады. Аны менен катар колледждин айланасындагы эс алуу паркында да жашылдандыруу иштерин  жүргүзүүгө жана  эски футболдук талааны реконструкциялоого (чуркоо жолуна резина төшөө жана шиверди жаңыртуу) боюнча көмөк көрсөтөөрүн  кошумчалады.

Андан соң, генерал-лейтенант К.К.Ташиев Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин окуучулары жана эмгек жамааты менен баарлашып, жаш спортчуларды мекенди сүйүүгө, спорт тармагында көптөгөн ийгиликтерди жаратуу үчүн тынымсыз аракет кылууга чакырды.     

Ошондой эле, КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде учурда спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, спортчулардын машыгуусуна тийиштүү шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады. Мындан улам, аталган спорттук колледжи да унутта калбасын белгиледи. Аны менен катар, К.Ташиев  РСКнын кызматкерлерине МИК аркылуу үй алууга жардам берээрин айтты.

Өз кезегинде РСКнын эмгек жамааты колледждин машыгуу залына окуучулар батпай жаткандыгына байланыштуу, кошумча спорт комплексин куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышты, анын негизинде К.Ташиев колледжге кошумча грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча машыгуу залын дагы куруп берүүнү убадалады.

Белгилей кетсек, аталган колледж 1971-жылы балдар үйүнүн базасында Н.Крупская атындагы РОШИСП спорт адистиги боюнча республикалык жалпы билим берүүчү спорт-интернаты болуп негизделген.  Учурда РСКда 455 окуучу спорттун 9 түрү боюнча машыгып келет. Аталган олимпиадага чейин даярдоочу Республикалык спорттук колледжинен Кыргызстандын ийгиликтүү спортчулары: Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Кобонов, Арсен Эралиев, Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы тарбияланып чыккан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button