Коом

Бишкекте «Дүйнөлүк балеттин шедеврлери» аттуу фестиваль өтөт

Бишкекте 18-20-апрель күндөрү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Дүйнөлүк балеттин шедеврлери» аттуу фестиваль өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, фестиваль КР Эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Уран Сарбагышевдин 90 жылдыгына арналмакчы.

Фестивалда А.Хачатуряндын «Спартак», П.Чайковскийдин «Ак куу көлү» балет спектаклдери жана Казакстан, Россия, Япония жана Кыргызстан балет жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт тартууланат. «Дүйнөлүк балеттин шедеврлери» фестивалын «Арт-классик KG» компаниясы уюштурууда.

Аталган иш-чара өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөөгө жана балет искусствосуна көбүрөөк көңүл бурууга, ошондой эле кыргыздын классикалык балетинин баалуулуктарын сактоого багытталган.


Маалымат үчүн: Уран Отунчиевич Сарбагышев — Кыргызстандын балет искусствосунун көрүнүктүү ишмери болгон, азыркыга чейин анын чыгармалары КНАТОБдун репертуарында орун алган, анын кыргыз балетинин өнүгүшүнө кошкон салымы жогору гана бааланбастан, өрнөк болуп саналат.

Бул фестиваль ар кайсы өлкөлөрдүн балет артисттерине өз өнөрлөрүн бөлүшүүгө, кесиптештери жана коомчулук менен жолугушууга арналган уникалдуу платформа. Бул өз кезегинде тажрыйба алмашуу менен балет өнөрүн байытууга жардам берет.

Демилгенин максаты — КР көрүнүктүү искусство чеберлеринин чыгармачыл хореографиялык баалуулуктарын сактоо, ошондой эле таланттуу артисттер жана хореографтар балет искусствосундагы көрүнүктүү жетишкендиктерин көрсөтө ала турган мурда түзүлгөн Art Classic KG платформасын колдоо. Балет искусствосунун фестивалы кесипкөй бийчилер менен өз ара аракеттенүү, тажрыйба алмашуу жана маданий байланыштарды кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай иш-чара балет сүйүүчүлөрүнүн майрамы гана болбостон, маданий туризмди өнүктүрүүдөгү жана жаш таланттарды колдоодогу маанилүү кадам.

Ошондой эле фестиваль- таланттуу жаш артисттерди жана хореографтарды колдоо аркылуу өлкөдө балет өнөрүн өнүктүрүүгө жана анын коомдогу маданий кадыр-баркын жана кабылдоо деңгээлин көтөрүүгө көмөктөшүүнү көздөйт.

Фестивалдын максаттарынын бири- узак мөөнөттүү (туруктуу), жогорку деңгээлдеги маданий окуя катары белгилөө, ал жыл сайын жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруу.

«Арт классик КG» компаниясынын планында жаш, таланттуу балет артисттери үчүн Уран Сарбагышев атындагы улуттук сыйлыгын уюштуруу каралган.

«Дүйнөлүк балеттин шедеврлери» фестивалынын катышуучулары: Абай атындагы Ескали театры (Алматы, Казакстан), балеттин алдыңкы солисти Ариса Хашимото (Япония), Мариинск театры – Раманбек Бейшеналиев, М.Глинка атындагы Челябинск ГАТОБ — Кубаныч Шамакеев, балерина Лири Вакабаяши, А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры (Кыргызстан) — КРнын эмгек сиңирген артисти, эл аралык конкурстардын лауреаты Марат Сыдыков, эл аралык конкурстардын лауреаты Фарух Садыркулов, Мэгуми Мацумото (Япония ), балеттин алдыңкы солисттери Атабек Садыркулов, Мээрим Султакаева, Элес Арыков, Даяна Кыдыралиева, Айдана Галиева, Аслан Алиев, Руслан Алжанов, Санжар Өмүрбаев, Дарья Лякишева, Талгат Бейшекеев, Азамат Болжуров, Гүлбара Акматбекова, Жакшылык Төлөбаев ж. б.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button