![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/04/имиим-1.jpg)
Бишкекте үч күн бою «Дүйнөлүк балеттин шедеврлери» аталышындагы эл аралык фестиваль өтөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында фестивалдын уюштуруучуларынын бири, КР эмгек сиңирген артисти Досмат Садыркулов билдирди.
![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/04/оророр.jpg)
Анын айтымында, маданий иш-чара КР эл артисти, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Уран Сарбагышевдин 90 жылдыгына арналат.
Фестиваль 18-20-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот.
Анда көрүүчүлөр А.Хачатуряндын «Спартак», П.Чайковскийдин «Ак куу көлү» спектаклдерин жана Казакстан, Россия, Япония, Кыргызстандын балет жылдыздарынын гала-концертине күбө болушмакчы.
Ошондой эле фестивалдын аянтчасында балет артисттери кесиптештери менен биргеликте өз өнөрлөрүн бөлүшүүгө жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Мындан сырткары бул иш-чара маданий туризмди өнүктүрүүгө жана жаш таланттарды колдоого түрткү берет.