Коом

20-апрелге карата аба ырайы

Ишемби, 20-апрелде, айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22…+27, Таласта +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көлдө +14…+19, Нарын аймагында +16…+21 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Күндүн табы +24…+26 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Ош калаасында мезгил-мезгили жаан жаап, күн күркүрөп, +25…+27 градус жылуу болору болжолдонду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button