Кылмыш-кырсык

УКМК УКТ мүчөсү катары каттоодо турган чет элдик жаранды кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган чет элдик жаранды кармады.

Ведомстводон билдиришкендей, атайын кызмат т тарабынан криминалдык элементтерге жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүү учурунда КР аймагында бир катар оор кылмыштарды, анын ичинде каракчылык кылмыштарды жасоого айыпталган чет өлкөлүк жаран жашырынып жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн, бир нече жолу соттолгон 1990-жылы туулган С.А.А. аттуу Казакстандын жараны аныкталып, кармалды. Аталган жаран жазадан кутулуу максатында 2023-жылдын күзүндө көзөмөл-өткөрмө бекеттен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөн.

Учурда С.А.А. КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button