Спорт

Бүгүн килем үстүнө Мээрим Жуманазарова баштаган үч балбан кыз чыгат

Бишкекте Азиялык Олимпиадалык квалификациялык турнир өтүүдө.

Мелдештин экинчи күнүндө Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн Кыргызстандан үч спортчу күч сынашат.

53 килограммга чейинки салмак ченинде Айжан Сабырбек кызы биринчи айлампаны кое берип, жарым финалга чыгуу үчүн күрөштө өзбекстандык Шохида Ахмедова менен кез келет.

57 кг салмакта Калмира Билимбек кызы жарым финалга чыгуу үчүн индиялык Аншу Аншу менен беттешет.

Ал эми Мээрим Жуманазарова чыга турган 68 килограммга чейинки салмак ченинде спортчулар эки кичи топко бөлүнүп, айлампа форматында күч сынашат.

Алгачкы беттеште кыргызстандык балбан кыз казакстандык Елена Шалыгина менен беттешет.

Экинчи айлампада Мээрим Жуманазарова индиялык Ниша Ниша менен кез келет.

Үчүнчү айлампада кыргыз балбаны Түндүк Кореянын өкүлү Сол Гум Пак менен күч сынашат.

Ошентип, Парижге жолдомо үчүн ат салышкан турнирдин жарым финалчылары аныкталат.

Эскерте кетсек, турнир кечээ, 19-апрелде башталып, кыргызстандык эки балбан Олимпиадага жолдомо утупалды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button