Саясат

Президент Садыр Жапаров: Жашыл өлкөгө айланалы

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды көчөт отургузууга чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Бишкек шаарыбыздын Горький көчөсүндө жайгашкан Э.Гареев атындагы бакты шаардын тургундары үчүн эс алуучу сейил бак кылып ачтык.

Келип бала-чакаңыздар менен эс алып кетип турсаңыздар болот. Бардык шарттар түзүлгөн.

Көчөттөр менен гүлдөрдүн түрлөрү сатылат. Каалаган көчөттөрдү сатып алсаңыздар болот.

“Жашыл мурас” аттуу демилгемди колдоп, ар жылы жаз айларында көчөт олтургузуңуздар. Жашыл өлкөгө айланалы», — деген өлкө башчысы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button