Саясат

Камчыбек Ташиев: «Эч кимге бата берип, колдогон жокпуз!»

Жакында эле КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентти тазалоо иши мындан ары дагы улантылаарын айтты. Учурда Ош, Кара-Суу жана Баткен шайлоо округдарында бошогон депутаттык орундар үчүн шайлоо болуп жатат. Биз ушул маселелердин тегерегинде Камчыбек Кыдыршаевичтин менен телефон аркылуу байланышып, пикирин уктук.

— Камчыбек Кыдыршаевич, түштүк жергесинде Райым Матраимов менен байланышы бар үчүн кеткен депутаттардын бошогон ордуларына шайлоо болуп жатат. Эл ичиндеги «бийликтин батасын алыптыр», «жеке Ташиев өзү колдоп жатат экен» — деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?
— Чоң рахмат, өтө актуалдуу маселе менен кайрылып жатасыз. Себеби, андай сөздөр мага дагы жетти, тактоо киргизип коюу зарыл иш.
Ачыгын айтканда, айрым талапкерлер элге чыкканда бийликтин ишин колдоп жатышат. Эски бийликтердин тушунда президентти, өкмөттү сындаган талапкерлерде артыкчылык боло турган. Бүгүн абал тескерисинче, өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эл көзү менен көрүп, жүрөгү менен сезип жатат. Мындай шартта, бийликти жамандаган адамды эл жакшы кабыл албайт. Ошондуктан, «бийликтин ишин колдойбуз» — деген талапкерлердин болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Бирок, ошол эле учурда кескин түрдө эскертемин: «президенттин батасын алдым», «бийлик мени колдоп жатат»- деген сөздөргө ишенбегиле! Бул терс адаттар кеткен бийликтер менен кошо жоголгон. Эгерде ушуга окшогон сөздөр талапкердин өзүнүн оозунан чыккан болсо, ал далилденип калса, мыйзам алдында жооп берет! Жеке мен эч кимге бата берген эмесмин!
Биз, бийлик органдары, шайлоого кийлигишпейбиз, кайра тескерисинче, анын мыйзамдуу өтүшүн көзөмөл кылып олтурабыз. Мурункудай элдин добушун сатып алуу ж.б. мыйзамды бузган талапкерлердин тагдыры кандай болорун Ленин шайлоо округунда жокко чыгарылган шайлоолордон улам жакшы билсениздер керек. Үгүт дагы шайлоо мыйзамдарына жараша жүргүзүлөт, аны бузган адамдарга дагы катуу чаралар каралган.
Негизинен, бул шайлоо округдарынан таза жол менен шайланган, булганбаган, билимдүү депутаттар келсе жакшы болот эле.
— Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары мандатынан ажырады. Уурулар менен байланышы бардыгы үчүн. Дагы бир тобунун аты аталып жатат. Бирден тазалап отурбай эле, таркатып салсачы?
— Жалпы парламенттин атына көө сүйкөп келе жаткан депутаттардын тобу бар болчу. Шайлоого көп каражат керек, ошону уурулар, коррупционерлерден алып, элге тоодой убада берип, депутат болушкан. Бүгүн андай адамдардан парламентти тазалап бүтүп калдык. Толук таркатып салууга негиз жок, себеби, элдин чыныгы колдоосу менен келген таза депутаттар дагы бар. Мурда терс иштерге шектелген адамдар менен бир чакырылышта отуруп калышканына алардын күнөөсү жок да.
Парламент таза болушу үчүн акчага, кооз убадага алданып, добуш бергенди токтотуш керек. Эл алданбай, акты актай, караны карадай ажыратып, туура тандоо жүргүзсө парламент дагы таза болот.


Маектешкен Сайрагүл Дуулатова

Булак: «Кадам-медиа.кж»

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button