Коом

Жазуучулар союзунун төрагалыгына Каныбек Иманалиев шайланды

Жазуучулар союзунун төрагасы болуп Каныбек Иманалиев шайланды. Мындай чечим 22-апрелде Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун XVI курултайында кабыл алынды.

Төрагалыкка төрт адамдын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Алар:
— КР Эл акыны Жедигер Саалаев;
— КР Эл акыны Кожогелди Кулуев;
— акын, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев;
— акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Атантай Акбаров.

«Бирикменин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна ээ болгон Каныбек Иманалиев менен Кожогелди Кулуевге 2-турда кайрадан добуш берилип, жыйынтыгында 70 добуш менен Каныбек Иманалиев төрага болуп шайланды», — деп кабарлашты бирикмеден.

Белгилей кетсек, Улуттук жазуучулар союзун 2019-жылдан бери Нурлан Калыбеков жетектеп келди.

Бул орунга төрага 5 жылда бир шайланат.

Союзга жалпы жонунан 570 калемгер мүчө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button