КоомКылмыш-кырсык

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-июнга чейин узартылды

Сот Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн узартты.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 22-апрелиндеги чечими менен УКМКнын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган.

Айыпталуучу М.Р.Ы. карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу тергөөнүн мөөнөтү аяктаганга, башкача айтканда, 2024-жылдын 26-июнуна чейин узартылды.

Буга чейин УКМКдан билдиришкендей, Райымбек Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Ал 25-мартта Азербайжандын аймагында кармалып, Кыргызстанга алып келген.

Ошондой эле аны менен бирге Райымбек Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келген.

Ошондой эле маалыматта айтылгандай, Райымбек Матраимов жок кылынган «мыйзамдагы ууру» К. Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button