Коом

Минсктеги эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын туристтик павильону уюштурулду

Беларустун Минск шаарында салттуу эл аралык “Отдых-2024” туристтик көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Иш-чарага алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин, дипломатиялык корпустун, туристтик агенттиктердин жана компаниялардын өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын Беларустагы элчилиги Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти менен биргеликте катышууда.

Эл аралык көргөзмөнүн аянтында Кыргызстандын туристтик павильону уюштурулуп, анда тиешелүү туристтик маалыматтарды камтыган стенддер, фото-видео материалдар жана брошюралар көрсөтүлдү.

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы тууралуу презентация жасап, иш-чаранын конокторун жана катышуучуларын Кыргызстанга өздөрүнө ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан эл аралык ири туристтик “Отдых-2024” көргөзмөсүнө биринчи жолу катышууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button