Коом

Нурланбек Шакиевдин Монголиядагы расмий сапары башталды

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Монголия мамлекетиндеги расмий сапары башталды.

Төраганы Улан-Батор шаарындагы «Чыңгыз хан» аба майданынан Монголия мамлекетинин Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасынын орун басары Лхагва Мунхбаатар тосуп алды.

Андан соң расмий делегация Монголиянын Мамлекеттик сарайына бет алды.

Ал жерде Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Улан Бакасов, Надира Нарматова, Чыңгыз Ажибаев, Эрулан Кокулов, Айсаракан Абдибаева, Нурбек Алимбеков, Мейкинбек Абдалиев, Чингиз Айдарбеков, Алишер Козуев коштоп жүрөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button