Коом

Кийинки аптада Бишкекте 50 миң адамдын манас айтуусу пландалууда

Бишкекте 50 миң адамды чогултуп манас айттыруу пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков билдирди.
Анын айтымында, 20-апрелден баштап республика боюнча «Урааным — Манас» долбоору өтүп жатат. Иш-чарага билим берүү мекемелеринин окуучулары жана мугалимдери катышууда.
Аталган сынак быйыл экинчи жолу өтүп, манасчылар: Саякбай Каралаевдин — 130, Уркаш Мамбеталиевдин — 90, Сапарбек Касмамбетовдун 90 жылдыгына арналганы белгиленди.
«Долбоор өлкөнүн 44 району жана 32 шаарында уюштурулуп, 11-майда борбор калаада жыйынтыкталат. Ага Бишкектин төрт районунан 50 миң адамды чогултуу пландалууда. Ал эми республика боюнча быйыл 500 миң окуучу манас жаттап, айтышууда», — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал сынактын байге фонду үч миллион сомду түзөрүн айтып, сыйлыкты тапшыруу аземи июнга мерчемделгенин кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button