Коом

Атчандар взводу Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо

Ички иштер министрлигинин атчандар взводу 1990-жылы 10-июль күнү Ички иштер министрлигинин буйругу менен түптөлгөн.

Азыркы учурда ИИМдин ЖКККББнын Бишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККБ) карамагындагы кызматтык аттар бар. Атчандар взводу Бишкек шаарынын аймагында коомдук жайларда, сейил бакчаларында, көлмөлөрдө, автоунаалар каттабаган адамдар чогулуучу аймактарда коомдук коопсуздукту камсыздап, жарандарга ар тараптан жардам берип, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүп келишүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул кызматтык аттар ошондой эле мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында колдонулуп келет. Ошондой эле «Ак-Кула» ат майданында ар кандай иш-чараларда колдонулуп келүүдө.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин атчандар взводунун өздүк курамынынын кызматтык милдеттерин аткарууну жогорулатуу, кызматтык тилкелерге кызматка чыгуу жана убагында кызматтык аттар менен чогуу машыгууларды өткөзүп туруу көргөзүлгөн. Аттардын Аты-жөнү жана кызмат өтөгөн жылы көрсөтүлгөн атайын документтери бар. Аталган документте жылкынын толук дарылануусу, ветеринардык текшерүү даталары жазылган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button