Кылмыш-кырсык

ИИМ: Жасалма акча жасоо фактысы боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө

ИИМдин ички иштер министрлигинин жасалма акча жасоо фактыларын аныктоо, ачуу жана иликтөө боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Ушул жылдын жаз айларында ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлери жасалма банкноттордун ири партиясын таратууга байланышкан шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, жасалма валюталар ишкерлер арасындагы астыртан байланыш каналдары аркылуу пайда болгон.
2024-жылдын январында Бишкек шаарындагы ишкерлердин бири КМШ өлкөлөрүнүн бирине 123 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын жөнөткөн. Бул акчалар курьер аркылуу накталай жөнөтүлгөн.
Бир аз убакыттан кийин чет өлкөдөн жогорудагы акчаларды үстүнө 1000 доллар кошуп кайра кайтарып жөнөтүшкөн. Бирок, накталай акчалар жасалма болуп чыккан.
Жабырлануучу ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Күмөндүү болгон бардык банкноттор алынып, экспертизага жөнөтүлгөн. Соттук-экспертизанын корутундусуна ылайык 100 АКШ доллары номиналындагы 1230 даана банкнот жалпак жана электрографиялык басып чыгаруу ыкмасы менен даярдалган (түстүү лазердик принтер).
2024-жылдын март айынын аягында бул кылмышка шектүү катары жаран 1983-жылы туулган Б.К. кармалган. Соттун чечими менен ага №1-тергөө абагына камоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Аталган факты боюнча кылмышка шериктеш болгондорду аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button