Коом

Жоголгон сумкадагы акча өз ээсине тапшырылды

Лейлек РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө 2024-жылдын 27-апрель күнү эрте менен саат 06.00дө телефон аркылуу жолдун четинде сумка жаткандыгы боюнча маалымат келип түшөт.
Маалымат түшөт замат Лейлек РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү милициянын майору Зулпидин Аширов айтылган дарекке барып, сумканы алып ичинде 61800 сом бар экендигин байкайт. Ошол замат сураштырып отуруп, сумканын ээси ким экендигин аныктайт. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя мындай болгон экен. Табылган сумканын ээси Раззаков шаарынын тургуну Ош шаарына жөнөп жатып, сумкасын жолдо түшүрүп койгондугу такстыкталат. Сумканын ээси милиция кызматкеринин бул эмгегине ыраазы болуп, акчаларын алып, батасын берди.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button