Коом

Нарында экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча эки күндүк семинар жыйынтыкталды

2024-жылдын 29-30-апрелдеринде Нарын облусунда милиция кызматкерлерине, облустук имамдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине арналган экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча эки күндүк семинар жыйынтыкталды. Анда Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын айрым жоболорун киргизүү жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Бул иш-чараны ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматы демилгелеп, Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азияда зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу» долбоорунун колдоосу менен
өткөрүлдү.

Семинарда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Самат Осмонов, Ратбек Турусбеков, теолог Муназбек Зарлыков, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Нарын облусу боюнча өкүлү Алмаз Максутов экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндөгү азыркы мыйзамдардын абалы, салттуу Ислам баалуулуктары жана экстремисттик жана террордук уюмдардын идеологиясы жөнүндө маалымат беришти.

Андан сырткары терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү багытында аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу айтып беришти.

Мындан тышкары иш-чарада экстремисттик жана террористтик көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында мамлекеттик органдар менен биргелекте тынымсыз иш-чараларды өткөрүү, жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендиги баса белгиленди.

Семинарды өткөрүү учурунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан жооптор берилип, ошондой эле, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча усулдук китепчелер, буклеттер талатылды.
Бул иш-чараны Кыргызстандын бардык регионунда өткөрүлөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button