Кылмыш-кырсык

УКМК: Түп районундагы Арал айылында жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен мамлекеттик мүлк кайтарылды. Видео

Мыйзамсыз жеке менчикке өткөн социалдык объектилерди кайтарып алуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында КР УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал айылында мамлекеттик мүлктү жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

 

Тактап айканда, «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Түп райондук филиалынын мурдагы жетекчиси И.Б.А. Арал айыл аймагынын кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп алып, жалган документтерди даярдап, анын негизинде Арал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын жакын тууганы М.Б.О., айылдык китепкананын 0,16 гектар жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке алган.

 

Тергөөнүн жүрүшүндө баасы 2,2 миллион сомду түзгөн аталган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды, ал эми «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана Арал айыл аймагынын кызмат адамдарынын иш-аракеттерине тийиштүү укуктук баа берилет.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button