Дил маекКоом

Зуура Джакишова: Түркияга оор операция жасатууга барган мекендештерге көп жардамыбызды бердик

Кыргыздын кызы Джакишова Зуура  Түркия мамлекетинде бир нече жылдан бери  жашап, иштеп келет. Бул жактан Туркияга дарыланууга  барган мекендештерибизге жардамын берип, чоң соопчулук иштерди жасайт.  Жакында Кыргызстанга келип,  “АК Асман Global” аттуу кайрымдуулук фондун түзүп, Түркияга  дарыланууга барган мекендештерибизге жардам берүү ниети бар экенин айтты.

-Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында үч жылдан бери ушундай кайрымдуулук иштерди алып барып келебиз, — деди Зуура айым. —  Ал жактан  кыйналган кыргыз мекендештерибизге медициналык жактан жардам көрсөтүп, оор операцияга акча жагынан муктаж болсо, ар кайсы жактан демөөрчүлөрдү таап,   ал жактагы медициналык клиникалар менен сүйлөшүп, биздин жардамыбыз менен  жакшы жеңилдиктерди жасатып келе жатабыз.  Ар кандай операция болгон  жарандарыбыз ийгиликтүү дарыланып, айыгып кайра Кыргызстанга кетишет.

Ушундай көп иштерди аткарып жүрүп, атайын Кыргызстанга кайрымдуулук фондун түздүк.  Бул кайрымдуулук фонд ак ниеттен жана асмандай бийик,  глобал  дегени дүйнө жүзүнө таанымал болсун деген максатта койдук. Ушундай кайрымдуулук фонд ачууну көп жылдан  бери ниет кылып келе жаткам.  Кудай буюруп, ушул ниетибиз  ишке ашып жатат. Бул фонддун ачылышына Стамбул шаарына барып, дарыланып, операция болуп келгендер катышты.

Мисалы, кечээ эле Стамбул шаарында бир  кыргыз жараны 23 саат операция болду, анын оор операциясы 36 миң доллар эле. Биз клиника менен сүйлөшүп, бекер операция жасап берүүгө жетиштик.  Кыргызстандан  Түркияга барып, тил билбей, ортомчулардын курмандыгына айланып,  алданган учурлар болот. Ошондуктан бейтаптар бизге түз байланышса, биз колдон келген жардамыбызды аянбай берип турабыз.  Ушундай кайрылгандарга биз ак ниеттен, чын дилибизден кыргыз элибизге жардам берели деген гана максатыбыз бар. Бизге кайрылган айрым оорулуу бейтаптарга бекер операция жасатып берген учурлар да болду.  Негизги биздин максатыбыз кыргыз мекендештерибиз чет өлкөгө барганда алданып, ортомчуларга кор болуп  калбаса деген гана ниетибиз бар. Колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Мындан ары да эл менен тыгыз иштөөгө даярбыз.

-Сиздерге Түркияга дарыланат элек дегендер кантип байланышат?

-Бизге кыргыз мекендештер байлынышка чыгат,  мисалы, айрым медициналык клиникалар 120-130  миң долларлык оор операцияны жасай алабыз деп атайын жарнама кылышат.  Бизге кайрылган кыргыз мекендештерибизге аны 65-70 миң доллардын тегерегинде, жатаканасы менен жасатып  берген учурлар болгон.

Кээ бир кайрылган бейтаптардын жанында 10-20 миң доллары болот, жетпеген каражатты  социалдык желелер аркылуу чыгарып,  калган акчаны элден чогултабыз.  Кыргызстандын элинен, чет өлкөлүк кайрымдуулук фонддорго да кайрылып, чогулткан күндөр болгон. Антпесе,  көпчүлүк бейтаптар акча каражаттан кыйналышат.

-Түркияда да ушундай кайрымдуулук уюмуңуздар барбы?

-Түркияда эч кандай коомдук же кайрымдуулук фонд ачкан эмеспиз. Бул менин жеке  демилгем менен эле жардам көрсөтүп, өзүбуз чуркап, ошол жердеги кайрымдуулук фонддорду издеп таап,  алардын жардамы менен  оор операцияларды жасатып жүрдүк. Мисалы, Кыргызстандан бейтап учуп келет,  мен клиникага байланышып, жетпеген акчасын кайрымдуулук фонддордон жардам сурап,  төлөп беребиз.  Кайрымдуулук фонд ошол клиникага  жетпеген акчасын түз которушат же биз өзүбуз тапкан акчаны бейтаптын операциясы үчүн которуп, жардам берип жүрөбүз.

Мисалы, жакында эле Кыргызстандан келген 9-класста окуган  кызды операция жасаттык. Ал кыздын ичегилери тубаса жабышып калган. Келечекте бөйрөгү жабыркамак, жүрөгүнө да доо кетмек. Бул кыздын операциясы ийгиликтүү болду, азыр дарылануусу Стамбулда  уланып жатат.

-Баш аягы канча кишиге жардам  бердиңиздер?

-Бир жылда эле 30-40 кишиге арзан, айрымдарына бекер Түркиядан операция жасатууга мүмкүнчүлүк түзүп бердик. Бул ишти мен кантип баштап калдым? Стамбулда өз үйүм бар, турмушум Кудайга шүгүр. Жолдошум Түрк жараны.Ал жакта Кыргыздардын  атайын группалары бар. Ошол жерден бири-бирибиз менен баарлашып турабыз. Стамбулга дарыланабыз деп келген кыргыздар кээде көчөдө калган учурлар болуп калат. Акчасы жок, билети жок болуп калгандар да  болот.  Алар ошол кыргыздардын группасына жардам сурап жазышат. Алар кыйналган кыргыздарга жардам көрсөтүүгө кимде мүмкүнчүлүк бар деп сурашат.  Анан баягы эле Зуура эже деп мага келишет. Андайларды үйгө алып келип, баккан учурлар да болду, айрымдарына билетин сатып берип, Кыргызстанга жөнөткөн окуялар да бар. Бир жолу 16 жаштагы кызын операцияга Стамбулга алып келген кыргыз  аял көчөдө калган эле. Кыштын суугунда клиниканын эшигинин алдында беш саат туруп калышыптыр.  Ал жактагы кыргыздар сүрөткө тартып, бири-бирине маалымат беришкен.  Мен карасам үйүмө жакын жердеги клиникада экен. Аларга такси жөнөтүп, ал кызды апасы менен үйүмө алып келип, жардамым бердим. Тамагымды берип, 4-5  күн бактым. Анан карасам чындыгында кыйналган адамдар көп экен. Ошондон кийин эле башкаларга да жардам бере баштадым.  Улам жардам берген адамдар бул жакка келип башкаларга айтып, ошентип отуруп бири-биринен угуп, менден көп жардамды алышты.  Чындыгында бизден жардам алган адамдардын саны көп.

-Бул жактан коомдук фондду расмий ачып жатасыз да?

-Ооба, атайын Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, мыйзамдуу ачып жатам. Документтердин баарын колума алдым. Менин жанымда да ишеничтүү жардамчыларым бар. Биздин Кыргызстанда да кайрымдуулук фонддор бар.  Кыргызстандан Стамбулга дарыланууга келген жарандардын акчасы жетпей калганда мен түз эле  ошондой кайрымдуулук фонддордон жардам сурап кайрылам. Мисалы,  “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду көп жардамын берди. Эгер операция 5000 доллар болсо,  алар ошол сумманын жетпеген акчасын төлөп беришет. Бул кайрымдуулук коомдук фондуна ыраазычылык билдирем.  Чындыгында операцияга акчалары жетпей калган учурлар да болот дедим го. Ар бир сом да ошол бейтапка жардам болот.  Өткөндө бир окуя болду, кыргыз  жараныбыз бөйрөгүн алмаштыруу үчүн келди, колундагы акчасы жетпей калды.  Ошол жетпеген сумманы кайрымдуулук фонддон сурадым, алар төлөп беришти. Алар биздин колубузга бербейт, ошол клиника менен байланышып, алардын эсебине түшөт.  Анткени ошол бейтаптын клиникада маалыматтары болот.  Биз  ошол бейтапты клиникада дарыланып жаткан видеосун да жөнөтөбүз. Стамбулда эң мыкты делген 200дөн ашык медициналык клиникалар бар.  Ошол клиникалардын 20-30у менен  байланышып турабыз. Мен ал медклиникалардын жетекчилигине өзүм барып, Кыргызстандан ушундай бейтап келе жатканын айтып,  арзандатуусун  суранам. Мен барганда сиз ким болосуз деп сурашат. Мен кыргызмын, жердештеримдин кор болуусун каалабайм, жардамымды берейин деп  келдим деген ниетимди айтам. Беш кол тең эмес, жакшы адамдар да бар, арасында жаман адамдар да болуп калат.

Бирок, түрк элинде ушунчалык жакшы адамдар бар.  Көп бейтаптарды арзан, айрымдарын бекер жасаткан учурлар да болду. Кээде алар биздин клиниканын ижара акысы кымбат деп айтышат. Бир жолу  биз Кызыл ай коомунун клиникасын ижарага алып, ошол жерден арзан операция жасаткан окуя болгон. Ал операция ийгиликтүү болду. Кыргызстанда  14 жолу операция болуп, ийгиликтүү болгон эмес экен. Ошол бейтап Стамбулда бир жолу операция болуп, 3 жумада айыгып, Кыргызстанга кайтып келди.

-Бул жактагы коомдук кайрымдуулук уюмуңуз кандай иш алып барат?

-Кудай буюрса биздин команданын ниети — түз эле ушул медицинага жардам берүү. Бизге  Казакстан, Өзбекстан, Россиядан бери кайрылган учурлар болгон. Бирок, мен азыр Кыргызстанды көтөрүп жардам бергим келет. Биринчи Кыргызстан жакшы ийгиликтерге жеткенин каалайбыз.  Операцияга каражат жактан кайрылган мекендештерге чет өлкөдөгү кайрымдуулук фонддордон жардам сураганда расмий түрдө бизде да ушундай фонд бар экенин тастыктагым келет. Аларга жөн эле барып  жардам сурасам  сен кимсиң деген учурлар да болуп калат. Ошондуктан, ушундай кайрымдуулук фондду ачуу менин кыялым эле.  Антпесе, документсиз расмий иш  бүтүрүү кыйынчылык туудуруп калган учурлар болгон.  Уставды, келишимди, документти көрсөтүү  менен элге жардам сураганга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биздин кыйналган кыргыз мекендештерге жардам берүү негизги максатыбыз.

Булак: Осмон-медиа

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button