Коом

Бишкекте беш курулуш объектиси мыйзам бузганы үчүн ишин убактылуу токтотту

Бишкек мэриясынын буйругун аткарбаганы үчүн беш объектте курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш компаниялары муниципалитеттин атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жууй турган машина орнотуу боюнча буйругун аткарышкан эмес.

Мындай чечимди комиссия рейд учурунда кабыл алды. Курулуш объектилери дөңгөлөк жуугуч станция толук орнотулгандан кийин гана иштей башташат.

Буга чейин инспекторлор капиталдык курулуш уюмдарына курулуш техникасынын дөңгөлөктөрүн жууй турган приборлорду же станцияларды орнотуу зарылчылыгы боюнча бир жумалык мөөнөткө 61 жазма буйрук беришкен. Дөңгөлөк жуугуч станцияны ишке киргизүү мөөнөтү 29-апрелге белгиленген.

Мындай талаптар Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузбоо үчүн берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button