Коом

ИИМ: Май майрамдарында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат көрсөтүүгө өтөт

1-майдан 10-майга чейин ички иштер органдарынын өздүк курамы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.
Милиция май аынын узак дем алыш күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Коомдук тартипти камсыз кылуу, анын ичинде маданий-массалык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин комплекстүү Планы бекитилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Май майрамдарында милиция жарандардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Ички иштер министрлиги мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу үчүн уюштуруу жана алдын алуу иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүшөт. Мас абалындагы айдоочуларга же айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражаттарын башкаргандарга өзгөчө көңүл бурулат.
Шектүү жарандар же ээсиз буюмдар табылган учурда бул тууралуу Ички иштер органдарына 102 телефону боюнча токтоосуз маалымдоону өтүнөбүз.
Милиция кызматкерлери кыргызстандыктар үчүн май майрамдары терс окуясыз өтүшү үчүн бардык чараларды көрүшөт.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button