Коом

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын президенти менен жолукту

Ташкент шаарына жумуш сапары менен барган КР министрлер кабинетинин төрагасы – президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Анда минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Шавкат Мирзиёевге президент Садыр Жапаровдун жылуу саламын жолдоп, Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады жана бул форум бүткүл Борбор Азия чөлкөмү үчүн жаңы масштабдуу аймактар аралык аянтчага айланып жатканын белгиледи.

Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жогорулатуу, тагыраагы өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, ири инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу,
энергетика, транспорт, логистика тармактарында, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташууну арттыруу маселелери сүйлөшүлдү.

Өзгөчө Борбор Азия аймагы үчүн маанилүү трансконтиненталдык мааниге ээ Чыгыш менен Батышты бириктире турган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу, ошондой эле “Камбар-Ата-1 ГЭСинин” курулушу, дагы бир перспективдүү долбоор катары Чаткал дарыясына эки ГЭСтин курулушу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, жолугушуу Ташкент эл аралык III инвестициялык форумунун алкагында өткөрүлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button