Коом
4-майга карата аба ырайы
Ишембиде облустардын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21…+26, Таласта +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +17…+22 градус жылуу болору айтылды.
Ошто түнкүсүн жана эртең менен бир аз жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +23…+25, Ошто +25…+27 градуска жетет.