Коом

Сузактагы кырсыктан жабыркаган окуучу кыздын башына операция жасалды. Абалы туруктуу

Бүгүн, 4-майда Сузактагы кырсыктан жабыркаган окуучу кыздын башына операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ю.А. аттуу 2015-жылы туулган бейтаптын баш сөөгү сынган, операцияга саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка адистер менен бирге катышты.

«Бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланат. Калган бейтаптардын абалы алган жаракаттарынын оордугуна туура келет, адистер менен бардык консультациялар өткөрүлдү. Бардык жабырлануучулар компьютердик томографиядан жана зарылчылыкка жараша лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, бардыгына тиешелүү дары-дармектер берилди. Калган жабырлануучулар көрсөтмөгө жараша пландуу операцияларга алынат», — деп белгилешти ведомстводон.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 9 бала дарылануусун улантууда, алардын абалы туруктуу. Бир бейтап канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга чыгарылган.

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейт.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, окуучуларды тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жаракат алган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button