Коом

“Ички коопсуздук” – Ички аскерлеринин негизги күжүрмөн багыты. Видео

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери акыркы үч жыл ичинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жарандарды кылмыштуу жана башка мыйзамсыз кол салуулардан коргоо боюнча татаал жана жоопту тапшырмаларды аткарып келишет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жана Ички аскерлердин кол башчылыгы тарабынан өздүк курамдын кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу боюнча чоң иштер жүргүзүлдү.

ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүнө керектөөлүчү аскердик-техникалык жардамдарды максималдуу тартып, чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыкты күчөтүп, үч жыл ичинде ар кандай техникалар алынды. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички аскерлеринин ишмердүүлүгүн санариптештирүү “Санарип аскер” долбоору иштелип чыгып, тартип бузууларды аныктоо жана ыкчам иш чараларды көрүү максатында жер жерлерде, аскер бөлүктөрдө видеокамерлар орнотулуп, Ички аскерлеринин нөөмөт бөлүмүнө онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган.

Учурда Ички иштер министрлиги тарабынан кошумча видеокамералар жана радиостанциялар менен камсыздалууда.

2021-2022-2023-жылдары ИИМ тарабынан Ички аскерлерине тиешелүү 7 объект курулуп, пайдаланууга берилди. 2 объектте жаңы заманбап аскер шаарчаларын куруу иштери уланууда жана 7703 акер бөлүгүнүн спорттук залы 95% бүтүрүлдү.

Турак-жайы жок аскер кызматчыларга жана ардагерлерге колдоо көрсөтүү максатында, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Бишкек шаары боюнча алганда, эң төмөнкү баада 12 батир, Ош шаарында жайгашкан 7703 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчыларына 14 батир, ИИМ тарабынан Шамалды-Сай шаарында жайгашкан 8-кайтаруу батальонуна 4 кызматтык батир бөлүнүп берилди. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иштердин негизинде, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү тарабынан 22 батир бөлүнүп берилген. 2021-2022-жылдары кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу кагылышууда каза болгон жана жаракат алган аскер кызматчыларга Ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан 6 батир менен камсыздалды. Өздүк курамга шарт түзүп, ар тараптуу социалдык колдоолорду улантып, келерки жылы дагы бир катар кызматтык жана социалдык курулуштарды ишке ашыруу боюнча ИИМдин мерчемине

Учурда Ички аскерлерине кандай гана милдеттер жүктөлбөсүн, жоопкерчилик менен так аткарууга даярдыгын билдирүү менен бирге, мындан ары дагы Ички аскерлер жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону негизги артыкчылык деп эсептеп, күжүрмөн ишмердүүлүктү сапаттуу ишке ашырууну багыттайт.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button